Жети-Өгүздөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы берилди

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө араб лидери Шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымын берүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Документ 2023-жылдын 5-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

 

Мыйзамды Министрлер кабинети сунуштаган. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев, атты ыйгаруу үчүн Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айыл аймагынын тургундары менен макулдашуу болгонун, алар колдоп бергенин айткан. Ошондой эле бул демилге Кыргызстан менен Бириккен арап эмираттарынын кызматташтыгын бекемдөө максатында көтөрүлгөнүн билдирген.

 

Шейх Заид бин Султан Аль Нахаян — Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти.