Бүгүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя мектептерине   1-класска балдарды кабыл алууга электрондук кезек ачылды

Бүгүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя мектептерине   1-класска балдарды кабыл алууга электрондук кезек ачылды. Андан тышкары, быйыл бул долбоор дагы 5 калаада жеткиликтүү болот – Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу.

 

Бул жерде баланы 1-класска 15-апрелден тарта каттатса болот. Онлайн кабыл алуу августка чейин созулат.