Бүгүн футбол сүйүүчүлөр күткөн беттеш орун алат. 2 миллион билет сатылган оюн Эр-Рияд шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталат. ВИП билеттин баасы аукциондо 2,5 миллион долларга сатылганы айтылган.
Эске салсак, Криштиану Роналду жакында эле сауд арабиялык “Аль-Наср” клубуна өттү. Алгачкы достук оюн ПСЖ менен белгиленди.
Португалиялык форвард бүгүн Лионель Месси, Килиан Мбаппе, Неймар, Ашраф Хакими жана башка жылдыздуу оюнчуларга каршы ойнойт.