Кыргызстанга өткөн жылы 1 миңден ашык электр унаасы импорттолду

Кыргызстанга өткөн жылы 1 миңден ашык электр унаасы импорттолду. Январдан ноябрга чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.

 

Ведомстводон белгилешкендей, кыймылдаткычы жок унаалардын жалпы суммасы  35 миллион доллардан ашат. Транспорттун бул түрү көбүнчө Кытайдан жеткирилет. Андан тышкары, тизмеде Корея, Литва жана Германия бар.