Бүгүн транспорт салыгын төлөөнүн акыркы күнү.
Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан эскертишти.
Ал эми эртең, 2-сентябрда турак жайлар менен батирлерге,
ошондой эле жер салыгына салык төлөөнүн мөөнөтү бүтөт.
Каражатты бардык банк кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн,
терминал, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөсө болот.