Бишкекте 15-сентябрда дагы бир билим берүү мекемеси пайдаланууга берилет.
Novosti.kgге мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей,
кеп, №12-мектеп гимназиясы тууралуу болуп жатат. 2 корпустан турган мектеп
3 кабаттуу жана 384 окуучуга чакталат. Анын жалпы аянты 3,5 миң чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштерине 83,5 миллион сом багытталды.
Каражат бирдиктүү депозиттик эсептен берилди.