Балдарды коргоо күнүнө карата “Бактылуу балалык” жумалыгы өтөт.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар 27-майдан 1-июнга чейин
уюштурулуп онлайн форматында өтөт. Алар массалык маалымат каражаттары жана
социалдык медиа аркылуу чагылдырылат. Бардык жарандарга
жумалыктын иш-чараларына активдүү катышуу сунушталат.