Баткен облусунун бардык жолдору унаа кыймылы үчүн ачык

Баткен облусунун аймагында тажик аскерлеринин басып кириши маалында убактылуу жабылган бардык жолдор эми унаалар үчүн ачык.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол чарба башкармалыгынын Баткен облусу боюнча өкүлдөрү бүгүн Көк-Таш-Ак–Сай унаа жолунун 7-чакырымында тажик аскерлери жардырган көпүрөнү текшерүү жана андан ары калыбына келтирүү үчүн барышты.