Баткен облусунун чектеш аймактарынан жалпысынан 136 миң 770 адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алардын бир бөлүгү убактылуу түйүндөрдө жаткырылса, калгандары башка региондорго чыгарылды.
Ошондой эле куткаруучулар Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын жашоочуларын коопсуз жерге көчүрдү. Алар Оштун билим берүү мекемелеринде жана убактылуу түйүндөрдө жайгаштырылды.