Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мектеп директорлорун тандоо боюнча сынак белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мектеп директорлорун тандоо боюнча сынак белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул чек арадагы кырдаалга байланыштуу.

 

Сынакты өткөрүү убактысы кийин жарыяланат. Эске салсак, Баткенде тандоо сынагынын экинчи этабы 21-сентябрда, Жалал-Абадда 21-22-сентябрда жана Ош облусунда 23-24-сентябрда өтмөк.