Баткен облусундагы жаңжалдан 8 мектеп жана 1 бала бакча талкаланды

Баткен облусундагы жаңжалдан 8 мектеп жана 1 бала бакча талкаланды.

 

Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, имараттарда терезелер кагылган, чатыр талкаланып, окуу инвентары толугу менен жок кылынган.

 

Жабыркаган мугалимдер дагы бар, алар учурда дарыланып жатат. Жусупбекова белгилегендей, Баткендин чек арага жакын аймактарында 26 мектепте жана 30 бала бакчада, ал эми Чоң-Алай районунда 5 мектеп жана 6 бала бакчада билим берүү убактылуу токтотулду.