Улуттук банк сомдун курсун турукту кармоо максатында бир жумада 40 миллион 700 миң доллар коротту.
Акыркы 5 жарым айдан бери өлкөнүн башкы каржы мекемеси алгачкы ирет дүйнөлүк рынокко чыгып
33 миллион доллар сатты. Андан кийин 1-октябрда дагы интервенция жүргүзүлүп, 7 миллион 600 миң
доллар багытталды. Муну менен жыл башынан бери Улуттук банк 7 ирет
интервенция жасап жалпысынан 311 миллион доллар сатты.