Баткен облусунун Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды

Баткен облусунун Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Жаңыдан курулган заставада чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо шарты үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган.

 

Маалыматка ылайык, аталган заставанын курулушу 2011-жылы башталып, бирок ушул убакытка чейин бүтпөй келген.