Түркиядагы президенттик шайлоону Режеп Тайып Эрдоган жеңди

Түркиядагы президенттик шайлоону Режеп Тайып Эрдоган жеңди. Шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгын аталган мамлекеттин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер жарыялады.

 

Маалыматка ылайык, Эрдоган добуштардын 52,14 пайызын алды. Ал эми атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86 пайыз добушуна ээ болду.

 

Түркияда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат.