Дүйнөдө 30 млн доллар байлыгы барлардын саны жыл башынан бери 6 пайызга азайды

Дүйнөдө 30 миллион доллар байлыгы барлардын саны жыл башынан бери 6 пайызга азайды.

Бул тенденция 2018-жылдан бери биринчи жолу байкалууда.

Изилдөөчүлөр кыскартуудан жапа чекпеген жалгыз өлкө Кытай болгонун белгилешет.

Тескерисинче, ал жакта мультимиллионерлердин саны эки пайыздан ашыкка көбөйдү.

Талдоочулар ошондой эле эң бай адамдардын жалпы байлыгы 11 пайызга азайып, дээрлик 42 триллион долларга жеткенин белгилешти.

Мындай өзгөрүүлөр Украинадагы кырдаалдан улам келип чыккан экономикалык соккуларга байланыштуу болгон.