АКШ тургуну эски унаасынын жардамы менен джекпот утуп алды

АКШ тургуну эски унаасынын жардамы менен джекпот утуп алды. Мэриленд штатынын тургуну эсептегичи 84466 мильди көрсөткөн бойдон бузулуп калган эскилиги жеткен унааны сатып алган.

 

Ошондон кийин ал лотерея билеттерин сатып алып, дал ушул сандарды жаза берген. Акыры дал ошол сандар ага 25 миң доллар, же 2 миллион сомдон ашык байлык алып келди. Кызыгы, эркек буга чейин дагы 50 жана 100 миң доллардан утуп алган болчу.