Баткенди калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 миллион сом которулду

Баткенди калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 миллион сом которулду.

Каржы министрлигинен билдиришкендей, мындан тышкары чек ара аймактарына 110 миллион сом берилди.

Ал эми Баткенге жардам берүү максатында ачылган атайын эсептен 84 миллион сом чыгымдалган.

Маалыматка ылайык, бул каражат кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн Министрлер кабинетинин токтомуна жана буйругуна ылайык берилүүдө.

Буга чейин бөлүнгөн каражаттын баарын президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тескей турганы кабарланган.