Кыргыз учактарын «кара тизмеден» чыгаруунун жол картасы түзүлө баштады.
Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди.
Анын айтымында, өлкө 2023-жылы учуу коопсуздугунун сегиз критикалык элементтери боюнча Эл аралык авиация уюмунун толук кандуу аудитинен өтөт.
Белгилеп кетсек, Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатына жана учуу коопсуздугуна байланыштуу 2006-жылы Европа Биримдигинин «кара тизмесине» кирип, чөлкөмдөгү ишмердиги чектелген.