ЖЭБдин бузулган имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

ЖЭБдин бузулган имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Тиешелүү тапшырманы министрлер  кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров берди. Андан тышкары, жылуулук-энерго борборду модернизациялоо планын иштеп чыгууну тездетүү тапшырылды.

 

Учурда ЖЭБде 8 от казан, 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун температурасы 40 градустан 61 градуска чейин кармалууда.

 

Эске салсак,   2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария болду. Жыйынтыгында 5 кызматкер жабыркап, ордо калаа тургундары ысык суусуз жана жылуулугу жок калды.