Казакстанга дагы 150 тонна гумжардам жеткирилет

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) суу ташкындан жабыркап жаткан Казакстанга «Жардам кербени» деген аталыштагы гумжардамдын экинчи бөлүгү жеткирилерин кабарлады.

ӨКМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, гумжардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жиберилүүдө. Анда Кыргызстанда өндүрүлгөн 150 тонна сүт азыктары бар.

Гуманитардык жардам кыргызстандыктардын күчү менен жыйналган, кошумча президенттик фонддон бөлүнгөн акчага алынган.

«Жардам кербени» деп аталган гумжардамдын алгачкы партиясы Казакстанга 6-апрелде жиберилген. Күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, төшөнчү жана чатырлар өңдүү 300 тонна жүк менен 15 фура 6-апрелде жолго чыккан. Андан тышкары 10 куткаруучу да жөнөтүлгөн. Кыргызстандан барган гумжардам Казакстандын төрт облусуна бөлүштүрүлгөнү кабарланган.

13-апрелде алгачкы гумжардамды жеткирип жана коштоп барган кызматкерлер Кыргызстанга кайтып келишти.

Казакстанда алты аймакта төрт миңге жакын үйдү суу каптап, 100 миңге жакын адам эвакуацияланды. Убактылуу жайгаштыруу пункттарында ушул тапта 6586 адам бар. Күлсары шаарында эки кишинин сөөгү табылганы кабарланган.

Мындай суу каптоо Казакстанда акыркы 80 жылдан бери боло электиги айтылууда. Президент Касым-Жомарт Токаев селдин себептери катары тоң кете электе күндүн тез жылып, жаандын көп жаашын атаган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Токаевге телефон чалып, жаратылыш апаатына тынчсызданып турганын айткан.