Бишкек мэриясы шаарда күн дагы ысый турганын белгиледи

Жакынкы аралыкта борбор калаада абанын температурасы жогорулап, күн ысык болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

 

«Шаар тургундары жана коноктору күн сайын эртең мененки саат 10:00дөн кечки 19:00гө чейин иштеп жаткан фонтандардан салкындыкты сезе алышат. «Ала-Тоо» борбордук аянтындагы жана Тарых музейинин маңдайындагы фонтандар кечки саат 21:00гө чейин иштейт. Фонтандар 2 жумада бир тазаланып турат», — деп жазылат билдирүүдө.

 

Ошондой эле Бишкек мэриясы шаар көчөлөрү түнү менен жуулуп жатканын белгиледи. Көчөлөрдү жуу иштери болжол менен түнкү саат экиде башталып, таңкы саат 6-7ге чейин созулат.