Ысык-Көлдө эс алуучуларга сууга түшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында эс алып жүргөндөргө сууга түшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

 

«Министрликтин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын куткаруучулары тур мезгилге карата жана сууга түшүү боюнча коопсуздук эрежелерин сактоо максатында көл жээгинде сууга түшүп жаткан эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү», — деп билдиришти ӨКМдан.

 

Иш-чара Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Каракол, Жети-Өгүз, Тоң, Балыкчы шаарынын өрткө каршы куткаруу бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн.