Ошто жөө жүрүүчулөргө тоскоолдук жараткан дарбазалар алынат. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, Бабараимов көчөсүндө буга чейин соодагерлер тосуп алган жерлер ачылат.
Айтиев көчөсүндө аялдамага кире бериш бошотулуп, Сулайман-Тоого барчу тосмолор алынат. Ал эми Заднепровская көчөсүндө жөө жүрүүчүлөргө тоскоолдук жараткан бейтапкананын дарбазасы түрттүрүлөт.