Жарактан чыккан “Спутник V” вакцинасы боюнча Генералдык прокуратура иликтөө жүргүзө баштады

Жарактан чыккан “Спутник V” вакцинасы боюнча Генералдык прокуратура иликтөө жүргүзө баштады.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистеринин катышуусунда коммиялык иликтөө жүргүзүлгөн. Белгилүү болгондой, муздаткычтын зымы электр энергиясынан өчүрүлгөн, бирок муздаткыч өзү ишке жарамдуу.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Ленин райондук Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Нурлан Галбаев кызматтан алынды. Эске салсак, №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда атайын муздаткыч өчүп калып, “Спутник V” вакцинасынын 994 дозасы жарактан чыкты.