«Бишкек суу канал» абоненттерине сууну пайдалануу эрежелерин бузбоону эскертти

«Бишкек суу канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жашоочуларга сууну пайдалануу эрежелерин бузбоону эскертти.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, ай сайын 35-40 абонент суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын пайдалануу эрежелерин бузгандыгы аныкталат. Жашоочулар келишимдердин жана тарифтердин шарттарын сактабай сууну жана агын сууларды максатсыз пайдаланышат.
«Бишкек суу канал» бардык абоненттерге тиешелүү тарифтер боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди өз убагында кайра түзүүнүн маанилүүлүгүн эскертет. Мисалы, тарифтөө маселелеринде ченемдерди сактоо жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн, эгерде турак үй коммерциялык максатта пайдаланылса тиешелүү тарифтер боюнча келишим түзүү зарыл. Антпесе абоненттин суусу өчүрүлөт же пайдаланылган суу үчүн эсептөө жүргүзүү бир тараптуу жүргүзүлөт», — деп айтылат эскертүүдө.
Башкармалык эрежелерди так сактоо менен борбор калааны суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу менен натыйжалуу камсыз кылууга болорун кошумчалаган.