«Дордой» Роналду ойногон клуб менен кызматташууга ниеттенүүдө

Бишкектин «Дордой» клубу португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду ойногон саудиялык «Аль-Наср» клубу менен кызматташууга ниеттенүүдө.

 

Кыргызстандык клубдун жетекчилиги өткөн аптада Сауд Аравиянын Про-Лигасынын алкагындагы «Аль-Наср» менен «Аль-Фатех» беттешине барган. Анда тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жаштар футболун өнүктүрүүнү талкуулашты, — деп билдирди «Дордой» футболдук клубунун басма сөз кызматы.