Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык бала бакчалар жакынкы аралыкта иштеп баштайт

Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык бала бакчалар жакынкы аралыкта иштеп баштайт.

Калаа мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков novosti.kgге билдиргендей,

учурда шаардык штаб бир катар талаптарды иштеп чыгууда. Анда тайпаларда балдардын саны 15тен көп эмес,

бир гана калаада жашаган бөбөктөрдү кабыл алуу жана ата-энеси экөө тең иштеген, кароого муктаж жарандардын

балдарын гана кабыл алуу бар. Ушул жумада Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди.

Аларда балдардын саны буга чейин эле аз болчу жана санитардык талаптардын бары сакталган, — деп кошумчалады Жээнбеков.