Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу жылуулук жана ысык суу үчүн кайра эсептөө суроосу каралып жатат

Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу жылуулук жана ысык суу үчүн кайра эсептөө суроосу каралып жатат. Бул тууралуу 24 агенттигине “Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришти.

 

Учурда адистер абоненттерге ысык суу жана жылуулук берүүнү калыбына келтирүү аракетин көрүүдө. Процесс аяктагандан кийин кайра эсептөөнүн варианттары каралып баштайт.

 

Эске салсак, буга чейин вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев пресс-конференцияда шаар тургундарына ысык суу менен жылуулук үчүн кайра эсептөө жүргүзүлө турганын убадалаган болчу.