Бүгүн Бишкек батирлеринин бардыгында ысык суу пайда болот

Бүгүн Бишкек батирлеринин бардыгында ысык суу пайда болот. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынын директору Уран Райымбеков билдирди.

 

Анын айтымында, туура эмес коштуруу же “Аристон” сыяктуу суу жылыткычтар өчүрүлбөй калышына байланыштуу айрым бузуулар орун алышы мүмкүн. Бирок адистер кечкиге чейин бардык абоненттерге ысык суу берүү үстүндө тынбай иштеп жатат.

 

Райымбеков кошумчалагандай, ал эми керектөөчүлөргө жылуулук берүү боюнча иштер кечээ ийгиликтүү жыйынтыкталды.