Чолпон-Ата шаарындагы «Ден соолук» медициналык-реабилитациялык комплексинин базасында
Инновациялык кардиохирургия борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин
басма сөз кызматы билдирди. Борбордун базасында жүрөк кемтиги бар балага биринчи
акысыз операция жасалды. Президент ушул жылдын 19-мартында «Ден соолук» комплексинде
болуп, калктын сапаттуу медициналык кызмат алышы үчүн анда капиталдык реконструкциялоо
иштерин ыкчам баштоону тапшырган. Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан
каза болгондор жалпы өлүм-житимдин жарымына барабар.