Кызыл-Кыя шаарындагы базарда чыккан өрттөн жабыркагандар жок.
Жалын толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен
билдиришти. Маалыматка караганда, кечээ Асаналиев көчөсүндө жайгашкан
борбордук базарда чыккан өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм жана 18 куткаруучу тартылды.
Тилсиз жоо базардын болжол менен 2,5 миң чарчы метр аянтын күйгүздү жана
анын эмне себептен келип чыкканы айтылган жок. Тактоо иштери уланууда.