Бишкекте Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдагандан кийин 4 тонна таштанды чыгарылды.
Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, жыйноо иштерине 8 атайын техника жана
“Тазалыктын” 60 кызматкери тартылды. Кечээ аянтта таштанды үчүн 60 контейнер орнотулду.
Жууп-тазалоо иштери түнкү саат 2де аяктады. Эске салсак, 2019-жылы концерттен кийин
аянттан 16 тонна таштанды чыгарылган. Быйылкы көрсөткүч андан 4 эсе аз. Былтыр
карантиндик чаралардан улам иш-чарага көрүүчүлөр киргизилген эмес.