Бишкекте бүгүнтөн тарта карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт.
Электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, ордо калаада 4 миң 200 абоненттин электр энергиясы үчүн бересеси бар. Жарыгы жок калбаш үчүн, керектөөчүлөргө карызды тез арада төлөө сунушталат.
Төлөмдөр электрондук капчык, терминал, банк кассалары жана почта бөлүмдөрүндө кабыл алынат.