Муфтият авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы авиакомпаниялар арасында сынак жарыялаганын маалымдашты.

 

Сынактын негизги максаты 2024-жылдагы ажылык сапарга Кыргызстандан барган мусулмандарды алып баруу, кайра алып келүү болуп саналат.

 

Сынакка катышууну каалгандар 25-октябрдан 13-июлга чейин Бишкек шаары, Жибек жолу көчөсү, 264/3 дарегиндеги (Имам Сарахси борбордук мечитинин артында) муфтияттын кеңсесине же muftiyat.hajj@mail.ru электрондук дарегине арыз-кайрылуу калтырууга тийиш. Кызыккан суроолорго жоопторду (0778) 90-06-01 номуру аркылуу алса болот.

Тандоо туру 14-ноябрда саат 10:00дө муфтият кеңсесинин жыйындар залында өтөт.

Авиакомпанияларга коюлган талаптар менен кеңири muftiyat.kg сайтынан тааныша аласыз.