“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 22-отуруму башталды.
Учурашуу жана сүрөткө түшүү аземинен кийин делегаттар кеңири отурумда документтерге кол коюшат.
Расмий иш-чарага Беларусь, Казакстан, Россия, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын премьер-министрлери, Ирандын биринчи вице-президенти, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери, Индия жана Пакистандын тышкы иштер министрлери катышууда.