Бишкекте бир гана электр унаалары жүрө турган жашыл аймактар пайда болот

Бишкекте бир гана электр унаалары жүрө турган жашыл аймактар пайда болот.

 

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова билдирди. Анын айтымында, ведомство ордо калаадагы абанын булгануусун азайтуу максатында бир катар чараларды иштеп чыкты.

 

Алсак,  жашыл каттамдарды киргизүү бар. Бул максатта 20 миллион сом жумшалат. Жумушчу долбоордун алкагында такси кызматына 200 электр унаа жана 100 кичи автобус алып келинип, мэрия аларды каттамдарга чыгарат. Долбоор кийинки жылдын башында ишке ашат деп күтүлүүдө.