Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнестин күн тартиби бекитилет

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнестин күн тартиби бекитилет. Документтин автору катары Экономика министрлиги чыкты.

 

Ага ылайык, тартипке ишкердүүлүктү колдоо жана өнүктүрүү, көмүскө экономиканы кыскартуу, эл аралык рейтингдеги көрсөткүчтөрдү жакшыртуу суроолору камтылат.

 

Иш күн тартиби 6 принциптен турат, анын ичинде мамлекеттин жана бизнестин эки тараптуу жоопкерчилиги, айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык адилеттүүлүк бар. Документ коомдук талкууга чыгарылды.