Ош шаары менен Папан айыл өкмөтүн байланыштырган негизги автожолдогу көпүрө кулады. Көпүрө 11-октябрь күнү көмүр ташыган автоунаа өтүп бара жатканда кулаганын «Азаттыкка» айыл өкмөт башчы Нурзаман Алимбеков тастыктады.
Алимбеков жүргүнчүлөр Ноокат, Кара-Сөгөт айылдары аркылуу айланып каттап жатканын кошумчалады.
Бул көпүрө Папан айыл өкмөтүнө караштуу аймакка кире бериште, Ош — Папан жолун бириктирген негизги чоң жолдо жайгашкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, оор жүк ташыган машина көпүрө менен кошо түшүп кеткен. Унаанын ичиндеги эки адам секирип чыгып, аман калышты.