Бишкекте директорлор сынагынан 42 киши өттү

Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына жеңүүчүлөрдүн тизмеси бекиди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Бишкек шаары боюнча сынакка 181 адам документ жиберген. Анын ичинен 49 талапкер документтерин толук тапшырган эмес.
Тестирлөөгө 129 талапкер катышып, үч адам сынакка келген эмес. Бишкек шаарындагы эң жогорку көрсөткүч 87,5 пайызды түзгөн.
Натыйжада 42 адам мектепте директор болууга мүмкүнчүлүк алган.