Бүгүнкү Билим күнү милициянын өзгөчө көзөмөлү алдында өтөт

Бүгүнкү Билим күнү милициянын өзгөчө көзөмөлү алдында өтөт. Бишкекте эле коомдук тартипти 500 милиция кызматкери камсыздайт.

 

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы окуу жылынын башталышы алдында салттуу түрдө мектептер текшерилди, өзгөчө көңүл өрт коопсуздугуна бөлүндү. Ар бир мектептин алдында жол инспекторлору нөөмөттө турат.

 

Алар окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол эрежелерин эске салат.