Кыргызстанга октябрда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келет.
Бул тууралуу Novosti.kgге республикалык имуннопрофилактика борборунун
директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, АКШда
өндүрүлгөн препарат COVAX программасы аркылуу берилет жана
сентябрдын аягында вакцинадан биринчи атайын ультра-муздаткычтар келет.
Ишенапысова белгилегендей, Pfizer препараты Кыргызстандын жиберген
билдирүүсүнүн алкагында гуманитардык жардам катары берилет.