Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курама командаларынын контролдук беттеши коңшу өлкөнүн жеңиши менен аяктады.
Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, Дубайдагы «Аль-Наср» стадионунда өткөн оюн 1:5 эсебинде жыйынтыкталды. Атаандаштын дарбазасына жалгыз голду Бактыяр Дүйшөбеков киргизген.
Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөрсүз жабык форматта орун алды.