Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алкагында бүгүн Криштиану Роналду менен Луис Суарес беттешет.
Тайпалык баскычтын экинчи турунун финалдык оюндарында Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 4тө Камерун — Сербия, кечки саат 7де Корея – Гана оюн талаасына чыгат.
Ал эми түнкү саат 10до Бразилия – Швейцария беттешет.
Португалия – Уругвайдын же Роналду менен Суарестин оюнун күйөрмандар түнкү саат 1де көрө алышат.