Бишкекте коомдук транспортто көзөмөл күчөтүлдү

Бишкекте “Тулпар” системасынын адистери жеңилдетилген карталарды колдонууга көзөмөл жүргүзүүдө.

 

Мэриядан билдиришкендей, адистер 10 күндүн ичинде борбор калаадагы 2 миңден ашык автобус жана троллейбустарды текшерүүдөн өткөрдү. Анын жыйынтыгында 12 жеке менчик жана мектеп карталары мыйзамсыз пайдаланылгандыгы аныкталган.

 

Белгилеп кетсек, картанын туура эмес колдонулганы аныкталса, контролерлор аны алып коюуга мыйзамдуу укугу бар. Ошондой эле, мындай карталар дароо блоктолот.