20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыкты

Кыргызстанда улуттук валютанын 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы банкноттору жүгүртүүгө чыкты. Улуттук банктан билдиришкендей, анда Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдыруу – өзгөртүүсүз калтырылды.

 

Алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери сакталды, ал эми арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөргөн жок.