Ош облусунда “Араван Сити” турак-жай комплексинин курулушу башталды.
Алля айыл аймагында жайгашкан объекттин курулушуна каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. 5 гектар жерди ээлеген турак-жай комплекс 8 көп кабаттуу үйдөн туруп, 1 миң 200 батирлүү болот.
Анда бала бакча, мектеп, спорт зал дагы пайда болот.