Бишкекте коомдук унаалар ишин жанданткандан бери санитардык талаптарды аткарбаган 115 айдоочуга айып салынды.
Мындан тышкары 6 юридикалык тарап да айып төлөөгө милдеттендирилди, — дешти Бишкек мэриясынын транспорт
башкармалыгынан. Учурда санитардык-гигиеналык эрежелерди 10 бригада текшерип жатат. Алар айдоочуларга
түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бардык дезинфекциялоочу каражаттар муниципалдык ишкана тарабынан берилет.