Кыргызстанга акыркы 3,5 айда 10 миңден ашык жаран кайтып келди

Кыргызстанга акыркы 3,5 айда 10 миңден ашык жаран кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Мекендештер Кытай, Корея, Сауд Арабиясы, Индия, Россия, Тайланд, Египет, Түркия, Малайзия, Иран, Кувейт, Германиядан жеткирилди.

 

Казак тараптын колдоосу менен 437 кыргызстандык жаран Казакстандан эвакуацияланды.

 

Андан тышкары, Чоң-Капка, Ак-Тилек, Достук, Кулунду, Кызыл-Бел өткөрүү түйүндөрү аркылуу жөө 1 миң 59 жаран өтүп кирди.