Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба-ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, жаап өткөн жана эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол — Эңилчек унаа жолунда жайгашкан Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкүсү түшүүcү күтүлөт.
Мындан улам, жолго чыккандар унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймылды сактоо зарыл.
Кырсык катталган учурда 112 кызматына чалса болот.