Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Бишкекте санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Вице-мэр Айжан Чыныбаева ар бир райондун акимдерине коомдук жайлардагы рейддердин санын көбөйтүүгө тапшырма берди.

 

Ошондой эле, кафе, ресторандардын ээлерине эрежелерди милдеттүү түрдө сактоо тууралуу эскертүүлөр берилди. Мэрия шаар тургундарын өз алдынча дарыланбай, дарыгерлерге кайрылуу керектигин белгилейт. Эске салсак, медицина кызматкерлеринин кеңешин 118 кыска номуру боюнча алса болот.